Туризм индустриясынын эң маанилүү тармактарынын бири болуп эсептелген саякат тармагы да Кыргызстанда ылдамдык менен өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Көптөгөн изилдөөлөр бул тармактын эң көйгөй маселеси тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги болгонун көрсөтүүдө. Учурдагыдай эле келечекте дагы бул кесип боюнча жогорку билимдүү адистерге талап чоң болоору анык.  Ошондуктан бул тармакта жогорку квалификациядагы адистерди даярдап чыгаруу чоң мааниге ээ. Бул кесип боюнча билим алып чыгышкан бүтүрүүчүлөр гид катары жана саякат агенттигинде иштей алгыдай, тур оператор агенттиктеринде башкаруучу кызматтарды аткара алгыдай билим алуулары келечекте талап кылынган адистерден болуп калууларына мүмкүнчүлүк түзөт.